У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандагы театрлардын онлайн фестивалы башталды


Бүгүн, 22-июндан тартып Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган республикалык театрлардын телефестивалы башталды. Бул тууралуу КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.


Анда айтылгандай, телефестивалга республикадагы бардык театрлар катышып, Улуу Ата Мекендик согуш темасын эске салган спектаклдерди тартуулашат.


"Фестиваль учурдагы абалга ылайык онлайн форматта өтүп, анын жүрүшү 22-июндан тартып 28-июнга чейин күн сайын саат 12:00дө жана 19:00дө КТРКнын "Маданият. Тарых. Тил", "ЭлТР" телерадиокомпаниясынын "Илим жана билим" каналдарында жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Фейсбук баракчасында көрсөтүлөт", - деп жазылат маалыматта.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter