У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн Баткенде "Салттуу музыка жумалыгы" башталды


Баткенде бүгүн “Салттуу музыка жумалыгы” жана эл аралык “Достук” фестивалы башталды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу музыканын дасыккан чеберлери жана жаш таланттар катышат.

Расмий ачылыш 23-апрелде саат 10:00дө Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында болду. Ушул эле күнү Бишкекте “Коомдун руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана салттуу музыкалык маданият” темасында эл аралык илимий конференция онлайн форматта өз ишин баштайт.

24-апрелде Баткенде саат 11:00- 17:00 чейин “Айтуучулук күнү” (манасчылык, дастанчылык, акындык өнөрлөр багыты);
24- апрелде 10:00-13:00 чейин – “Аспапчылык” багыт (комуз, чоор, кыл кыяк, жетиген, үйлөмө жана какма (темир ооз комуз, жыгач ооз комуз); 14:00-17:30 чейин - “Аваздык- аспапчылык” багыт (ашыктык, романс ырлары, элдик жана автордук чыгармалар, ХХ жана ХХI кылымдагы обончулардын чыгармаларын аткаруу); 17:30- 19:00гө чейин аспапчылык жана аваздык-аспапчылык багытты өнүктүрүү боюнча талкуу болот.

Бул күндөрү балдардын музыкалык, искусство мектептеринде, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда “Салттуу музыка жумалыгына” карата атайын иш-чаралар да өткөрүлөт.
25-апрелде Баткен шаарынын борбордук аянтында улуттук кийимдердин парады, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өтүп, фестиваль гала-концерт менен аяктайт.
Иш-чара салттуу оозеки музыкалык искусствону сактоо, өркүндөтүү жана жайылтуу, коңшу элдердин ынтымагын бекемдөө, алардын маданиятын таануу максатында уюштурулууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter