У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токтобүбү Черикчиева жердештеринин камын ойлоп, кайрымдуулук кылууда


Кыргыздын сыймыктуу кыздарынын бири, булбул үндүү Токтобүбү Черикчиева кичи мекени болгон  Ак-Талаа районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык түлүк, жетишпеген медикаменттер же болбосо медицина кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн атайын форма алып берүүнү демилгелеп жатат.

"Урматтуу маданият кызматкерлери! Учурда өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу, кайдыгер карабастан, аны эртелеп жеңүүгө биз дагы элибиз үчүн өз салымыбызды кошууга чакырам!!! Ак-Талаа районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык түлүктөн, жетишпеген медикаменттер же болбосо медицина кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн атайын форма алып берүүнү демилгелейм. “Көп түкүрсө көл болот” –дейт, кошулуңуздар! Минималдуу сумма 1000 сом болсун. Менин кошумчам 5000 сом болот. Урматтуу маданият өкүлдөрү, жалпы жердештер кыйын күндө бирге кол суналы. Урматым менен, Токтобүбү Черикчиева. Салым кошуу үчүн ЭЛСОМго акча которсоңуздар болот: 0776 500 940" дейт кайрылуусунда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter