У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Махабат Мавлянова: "Элди үйдөн чыгарбай, азык-түлүк жеткизүүнү уюштуруу керек"


Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова элди үйдөн чыгарбай азык-түлүк менен камсыздоо керек деген пикирин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жазып чыкты. 

"Элди үйдөн чыгарбай,  азык-түлүк жеткизүүнү уюштуруу керек. Сунушумду Өкмөт караштыргыла"
дейт билдирүүдө. Ошондой эле анын сунушуна пикир калтыргандарга да активдүү жооп узатып жатып, буларга токтолду:


"Мен өзгөчө кырдаал жарыялаган күндөн бери күндө  телефон чалам тиешелүү Өкмөттүн кишилерине, азык-түлүк жеткизүү фирмалары менен суйлошүү жүргүздүм, баарын уюштурууга даяр! Эмнеге коменданттык штаб чечим кабыл албайт билбейм!!!
Кафе-ресторан жөнүндө айткан жокмун, бизде уруксат бар. Эл азык-түлүк алам деп магазин, аптека чыгып атат, көчөдө эл толтура.  Оорунун жугуп кетүүсү оңой болуп жатат, ошого эл үйдө отурса, азык-түлүктү  үйлөрүнө жеткизип берсе деп жатам"
дейт депутат айым.












Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter