У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Залкар талант Нуркан Турсунбаев 80 жашта. Мааракеге даярдык жүрүүдө


Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, көп кырдуу талант, кыргыздын кан-жанына сиңип, элдик ырларга айланып кеткен миңдеген обондордун автору,  1966-жылдан бери СССР Театр ишмерлер, Кинематографисттер, Композиторлор  союздарынын мүчөсү, Кыргыз Улуттук Академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрына өмүрүн арнаган, куттуу сахнада  көптөгөн Кыргыз Улуттук классикасынан Дүйнөлүк классикага чейинки каармандардын образдарын эң жогорку  деңгээлде,  элдин купулуна толо аткарып, алкышка ээ болуп келген залкар талант Нуркан Турсунбаев быйыл 80 жашта!

Залкар таланттын мааракеси жогорку деңгээлде белгиленери күтүлүүдө. Бул тууралуу сахналаштары жазышууда. 

"Жакында кыргыздын мыкты залкар актёру, обончу жана аткаруучу, кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артистти, көп кырдуу талант Нурканбек Турсунбаев агабыздын"80"жаш кутман курагынын урматына, масштабдуу иш-чара, концерттер өткөрүлөт! 14-февраль, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына кош келиңиздер! Дайындык мыкты деңгээлде көрүлүүдө" дейт сахналаштарынны бири. 

Ал эми Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актёрдун 80 жылдыгына карата спектакль даярдалып жатканын, жакында бет ачаары болорун маалымдашты.

"Быйыл биздин театрдын аксакал актёру, көп кырдуу талант Нуркан Турсунбаев 80 жашка толду. Агай ушул жашка чейин жаштар менен кошо жарышып иштеп келе жатат. Буюрса 80 жылдыгына арналып М.Ауезовдун “Енлик Кебек” спектакли театрдын Көркөм жетекчиси Назым Мендебаировдун режиссерлугу астында даярдалып жатат. Агай аталган спектаклде да жаштар менен тең тайлаша иштөөдө, буюрса башкы каармандардын биринин образын жаратат. Жакында спектаклдин бет ачаары болот, алдын ала дагы маалымат беребиз" дешти театрдын өкүлдөрү. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter