Кыргыз маданияты чоң жоготууга учурады. КР эмгек сиңирген артисти, залкар талант Жыргал Көбөгөнова пневмониядан улам көз жумду. Бул тууралуу кесиптештери маалымдашты.
Жыргал Көбөгөнова 1948-жылы 1-январда Ысык-Көл районунун Кара-Ой (с.Долинка) айылында төрөлгөн. Ал эки залкар таланттын эрке кызы эле. Атасы КР эл артисти Абдыашым Көбөгөнов, апасы Сайрагүл Балкыбекова кыргыз маданияты үчүн ат көтөргүс эмгек кылган инсандар эле.
Жыргал Көбөгөнова 1954-жылы Бишкек шаарынын №2 орто мектебинде окуй баштайт. 4-класста окуп жүргөндө, Пионерлер Сарайында бий кружогуна катышып жүрүп, 1958-жылы Москвада өткөн Кыргызстандын декадасында, Сапарбек Кабеков менен Нурдин Тугеловдордун жетекчилиги астында «Пахта бийин» бийлеп келген. Ошондо Жыргал болгону 10 жашта болчу.
8-класстан баштап, башкача айтканда 1963-жылы «Союз-госцирктин» Бишкектеги Цирк өнөрү студиясында машыгып жүрүп, 1964-жылы Кыргыз цирки ачылганда «Алгачкы карлыгачтардан» болуп, аба гимнастынын ролун аткарып, цирктин чамгарагында чарк айланып бийлеген.
Жыргал Көбөгөнова 1971-жылы Нурдин Тугелов, Сапарбек Кабеков алгач уюшулган «Бий ансамблине» бийчи жана алып баруучу катары чакырышат.
Бий ансамбли менен Союздун бүт булуң-бурчуна, чет мамлекеттерге барып, Күнөстүү Кыргызстандын искусствосун пропагандалап келет.
Ошол кездеги министр Күлүйпа Кондучалова Трусковецте өткөн концертте Жыргал Көбөгөнованын үн-тембри, апасы Сайракүл Балкыбекованын үнүнө өтө окшош экенин баамдап, атасы Абдыашым Көбөгөновго: «Драмалык жөндөмү күчтүү кызыңыздын багын байлабай, Оштогу жаңы ачылып жаткан драма театрына жибериңиз. Москвадан жаңы бүтүп келген теңтуштары менен иштесин» -дейт.
1972-жылдан баштап, Ош областтык драма театрында актерлук кесипти аркалап, ийгиликтүү ролдорду жаратат.
Алар К.Жантөшевдин «Курманбегинде» -Гүлгаакы, А.Токомбаевдин «Күндүн чыгышында» -Госпожа, А.Дыйканбаевдин «Мүрөктүн суусунда» -Жуман, Б.Өмүралиевдин «Жүз катын» спектаклинде –Тоголок келин жана башка эсте калаарлык образдар болуп саналат.
1974-жылы Кыргыз Академиялык драма театрына которулуп азыркы күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келди. Ошол мезгилден баштап жараткан көрүнүктүү ролдору:
1. К.Маликов «Бийик жерде» -Аня
2. К.Маликов «Осмонкул» -Мария
3. А.Осмонов «Махабат» -Тентек кыз
4. К.Эшмамбетов «Эгиз бала» -Керез
5. Ш.Садыбакасов «Ак боз ат» -Лайлун
6. М.Саркисян «Бейиш макулуктары» -Зетор
7. М.Касенов «Алда жаш жубайлар ай» -Бану
8. М.Байжиев «Байыркы жомок» -Нурлан
9. С.Ахмад «Келиндер козголоңу» -Нигора
10. А.Дыйканбаев «Мүрөктүн суусу» -Жуман
11. Ж.Садыков «Манастын уулу Семетей» -Кишимжан, Бакдөөлөт
12. Ж.Садыков «Сейтек» -Нөөкөр кыз
13. А.Цагарели «Ханума» -Кабато
14. А.Аксы «Махабат жана өлүм» -Айбарча
15. Т.Абдумомунов «Жоройбайдын жоруктары» -Кемпир
16. Т.Абдумомунов «Машырбек үйлөнөт» -Алтынай
17. Э.Эрматов «Жаңыл мырза» -Энеси
18. У.Шекспир «Гамлет» -Герцог Иорский
19. С.Ахмад «Күйөө бала» -Аназират
1997-жылы Кыргыз театр искусствосуна сиңирген эмгеги үчүн Ж.Көбөгөновага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген жогорку наам берилген.