У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дөөлөт Сыдыковду 14 саат 27 мүнөт дегенде эл токтотту!!!


Манасчы Дөөлөт Сыдыков кечээ, 12-ноябрдын таңында узак убакытка манас айтууну баштап,  14 саат 27 мүнөт манас айтып, бүткүл кыргызды кубанычтан жашытты! 

"14 саат 27 мүнөт дегенде манасчыбызды эл токтотту, Дөөлөт Сыдыков жоргодой жүрүшүнөн жанбай токточудай эмес. Кереметти көрсөттү. Бар болуңуз аба. Манасчыны манасчы Камил Мамадалиев токтотту. Достуктун үлгүсүн көрсөттүңүздөр" деп жазды өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жаш манасчы Азиз Биймырза уулу!

Манасчы узак убакытка манас айтып, Гиннестин рекорддор китебине  кирүүгө ниеттенгенин жарыялаган. 

Дөөлөт Сыдыковдой уулу бар кыргыздын уучу эч качан куру болбойт, аны манасчыбыз далилдеди!  Манасчыбызды "Фабула. kg" сайтынын жамааты чын дилден куттуктайбыз!!!


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter