У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Элмирбек Иманалиевдин эч жерге жарыялана элек ыры


Фейсбук социалдык тармагында,төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин эч жерге жарыялана элек ыры жарыяланды. Акындын ырын Мунара Алимжан кызы өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялап, «Саясаттан чарчадыңызбы?.. Жакшы ырга чаңкадыңызбы?..
Келиңиздер, залкар акын Элмирбек Иманалиевдин эч жерге жарыялана элек поэзиясын окуйбуз. Какшыган жан дүйнөгө азык болуп, мээни эс алдырсын»,-деп жазды.  
* * *
Бул жашоодо ким өксүп, ким жаңылды? 
Букка толуп ким күйүп, ким сагынды?
Арзуу ырын кимдер ырдап ким укту, 
Ашыктыкта кимдер кимге таарынды?
Бир мен үчүн мындан өткөн кайрым жок:
Билсем болду бул дүйнөдө барыңды!
 
Бир топ жылдар баары окшош, бирдей күн,
Өткөн өңдүү өзөгүмдөн зилдеймин.
Сезимдерим көшүп кетип көп мезгил,
Сен жок кантип жашап келгем... билбеймин?
 
Батсам дагы сан түйшүккө не бирде,
Бактым тоонун көк тиреген чегинде - 
Балбылдаган байрак болуп желбирейт,
Бар экениң эстей калган кезимде.
 
Эми өзүмдү бекем байлап күтүүгө,
Жашайм чөгүп сагынычтын күчүнө.99щ
Мен бул түнү сага арналып саргаям,
Кирип кетчи, жок дегенде түшүмө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter