У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мээрим Касаболотова, актриса: “Арадан 17 жыл өтсө да “Апамдын махабаты” тасмасы унутула элек”

Чыгармачыл адамдардын, алардын ичинде актер-актрисалардын арасында алгачкы тасмасындагы образы аркылуу элге таанылуу, арадан канча жыл өтсө да аткарган ролу унутулбай кала берүү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Элдин баары “Апамдын махабаты” тасмасы аркылуу тааныган кино жана театр актрисасы Мээрим Касаболотова менен маек курдук.
 
(Ш.Башбеков "Темир аял" спектаклинен)
- Ар бир актер-актрисаны тааныткан образы бар. Сиздики “Апамдын махабаты” тасмасындагы ролунуз. Андан бери бул тасманы басып өтө тургандай роль жарата элексизби?
- Албетте ошол образом аркылуу элге таанылгам. Андан бери бир топ эле роль жараттым. Мисалы  жаш режиссер И.Олжобаевдин "Күйөө сатам" аттуу Ж.Өзүбекованын калемине таандык чынармасында Шуулдак жеңенин образын жараттым, "Дил Баян" аттуу кыска метраждуу тасмада мугалимдин ролун жараттым. "Өзүмдү кечире кечире албайм” аттуу тасмада башкы каармандын образын жараттым. Бул образдарым да элге жакты деп ойлойм. Ошентсе да  эл мени  “Апамдын махабатындагы”  образым аркылуу тааныйт. Арадан 17 жыл өтсө да эл унуткан жок жана түбөлүккө унутпаарына көзүм жетти. Азыркы кезге чейин кол тамга сураган күйөрмандарым бар. 

(Ж.Өзүбекова "Апамдын махабаты" телесериалынан)

-   Театрсыз жашооңузду элестете аласызбы?
- Театрсыз жашоомду элестете албайм, кадимкидей ооруп калам.

(Ч.Айтматов "Кылым карытаар бир күн" спектаклинен)
- Аялдардын ортосунда чыныгы достук бар экенине ишенесизби?
Аялдардын ортосундагы чыныгы достукка ишенем. Бул адамдын өзүнөн, аң-сезиминен ,алган тарбиясынан, билиминен, болсо керек ...

(С.Раев "О, кыздар" спектаклинен)
- Жаштыгыңызды кантип сактайсыз?
- Жүрөгүмдү күнүгө негатив ойлордон тазалайм. Бирөө мага жамандык каалап жатса да ал адамга көңүл бурбайм. Бир күнү өзү түшүнөөр деп ойлойм. Эгер чектен чыкса, бетине барып айтам. Адамдын жүрөгү таза болсо ал жүзүнө, чырайына, көзүнө  чыгат. Ошондуктан ар дайым жүрөгүмдү таза ойлорго толтуруп, дайыма позитив менен жүрөм. Бул нерсе мага жаштыкты сактаганга жардам берет.

(Ш.Башбеков "Темир аял" спектаклинен)
Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter