У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жаңылай Исакова, актриса, режиссёр: “Болочок жолдошум кайсы чөйрөдөн болсо да жакшы адам болсо экен...”

Театр жана кино актрисасы, балетмейстер, режиссер, айтор айта берсе ар өнөргө бай, таланттуу кыздарыбыздын бири Жаңылай Исакова. Анын жаш режиссерлордун арасында күжүрмөн эмгек кылып, актрисалык кесиби менен режиссураны тең тайлаш алып бара жатканы жүрөк жылытат. Бала чагы театрда өткөнүн актриса көп маектеринде айтып келет. Атасы кыргыз маданиятына опол-тоодой салым кошкон инсан, белгилүү театр жана кино актеру Алымкул Исаков. Таланттуу үй-бүлөнүн татынакай кызы менен кызыктуу маек курдук. 

- Жаңылай, режиссёрлук кесибиңди актрисалыгыңдан кем калтырбай алып бара жатасың. Окууну аяктагандан бери канча спектакль, канча кинодо режиссерлук кылдың?
- О, бул сөзүңүз мага канат байлады! Дагы аракет кылып иштешим керек окшойт. Жогорку окуу жайды аяктагандан бери 1 спектакль (Б.Калчабаева "Бөрү заман" драмасы. Ш.Термечиков атындагы Чүй областык театры) жана 2 жомок сахналаштырдым. Кинодо болсо 3 кыска метраждуу тасмада режиссер жана 4 толук метраждуу көркөм тасмаларда 2-режиссерлук кызматтарды аткардым. Өзүм үчүн жөн гана жакшы көргөн жумуш менен алектенип жүргөндүктөн, эсептеп көрүү деле оюма келбептир. Жакшы суроо болду. Азыр эсептеп отуруп, артты бир кылчайып алып жакшы күндөрдү эстеп алдым. Бирок, "Чынжырдын бекемдиги анын жука жери менен текшерилет" дегендей, мен үчүн жасалган нерсенин сапаты маанилүү. 

Бала чагың театрда өткөнүн билебиз. Азыр да театрда эмгектенесиң. Болочок жолдошуңдун да ушу жааттан болуусун каалайсыңбы? 
- Болочок жолдошум кайсы чөйрөдөн болсо да эң башкысы жакшы адам болсо экен деп тилейм. Анан да экөөбүз бир тилде сүйлөшө алсак дейм. Бул жааттан болсо да жакшы болсо керек. Айтор элестетип көрө элек экенмин. Турмуш жолуна аттануу өтө олуттуу кадам, жоопкерчилиги чоң. Чынын айтсам, корком.  Эмнеси болсо да турмуш курам деп чорт кескендерди көрүп, алардын чечкиндүүлүгүнө суктанам.

- Кийин үй-бүлө менен чыгармачылыкты тандоо керек болсо тараза ташы каякка оойт деп ойлойсуң?
- Андайды элестетким келбейт. Ар бир адам өзү сүйгөн нерсе менен алектенип, өзүн өзү өстүрүп туруусу керек деп ойлойм. Бирок албетте үй-бүлө баарынан бийик туруусу зарыл. 

Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter