Кыргыз театр маданиятынын эртеңки жүзү боло турган жаштардын өсүп келе жатканы, олуттуу образдары менен күйөрмандарынын жүрөгүн багытып жатышканы абдан жакшы көрүнүш. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жаш артисттеринин арасында мыкты-мыкты образдарды жаратып, башкы каармандарды ойноп келе жаткан таланттуу актерлордун бири Эржан Осмонов менен маек курдук. - Эржан мырза, сахнаны сагынсаңыз керек? Спектаклдердин көбүндө башкы каармандардын образдарын жаратчу элеңиз... Пандемиядан кандай сабак алдыңыз?- Албетте сахнаны аябай сагындык. Пандемия деген куурагыр бүткүл дүйнөнүн тагдырына балта чаппадыбы. Анын ичинде бизге дагы залакасын абдан тийгизди, өзгөчө маданият кызматкерлерине, сахна ишмерлерине бир топ оор болду. Бул оору болбогондо дагы далай спектаклдер коюлмак, мыкты образдар жаралмак деп ойлойм. Бирок бул да кудайдын сыноосу тура. Апаат илдет ар бирибиздин жүрөгүбүзгө ыйман салып, кудайды таанытып койду десек болот. Элди сыйлаганды, үй-бүлөнү урматтаганды, жашоону сүйгөндү эсибизге салды десем жаңылбастырмын.
("Акшоола" кино сериалы. Ынактын образында)
- “Акшоола” тасмасынан кийин Ынак деп чакыргандар болбой койбосо керек? Адатта актерлор кино аркылуу кененирээк аудиторияга таанылат эмеспи...
- Ооба, элдин баары эле Ынак деп таанышат. “Ынак Кабылович, сүрөткө түшүп албайлыбы” деп калышат көчөдөн кезигип калгандар. Актер болгон соң киного да тартылып турган жакшы нерсе. Бирок мага киного караганда театрда роль жараткан көбүрөөк жагат, театрды көбүрөөк сүйөм. Албетте кино да жакшы, эл тааныйт, аудитория чоңураак дегендей. Ошентсе да театр өзгөчө дүйнө.
(Ж.Садыков "Манастын уулу Семетей" спектакли. Семетейдин образында)- Бир туугандарыңыз, ата-энеңиздерден чыгармачылыкка жакындар барбы же сиз элеби?- Бир туугандарымдын арасында чыгармачыл адамдар жок, жалгыз эле менмин. Калгандары башка кесиптин ээлери. Маданиятка, театр чөйрөсүнө бала кезден эле кызыкчумун. Ошол кызыгуум түрткү болуп, апам экөөбүз Бишкекке атайын театралдык окуу жай үчүн келип, эңсеп жүргөн кесибиме тапшыргам. Окуу жайдагы кээ бир студенттер: “Кетип бара жатып жарнамадан окуп калып, кокусунан тапшырып калдым” деп айтып калышчу. Бирок мен алардын катарында эмесмин, ушул кесипти көксөп, издеп келгем. Азыр кудайга шүгүр, жубайым да театрда иштейт, экөөбүз 3 баланын ата-энесибиз. Бизди театралдык окуу жай табыштырган.
- Кинодо же театрда чыгарууга эң оор болгон ролуңуз кайсы болгон?- Кинодо да, театрда да ар бир ролду алып чыгуу өзүнчө татаал иш. Бардыгынын артында зор кыйынчылык болот. Эң эле оор ролум К.Иманалиевдин калемине таандык, КР эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев сахналаштырган “Керээз” спектаклиндеги Боромбай бийдин образы болду. Анткени 70 жаштагы карыянын образын жаратуу мага бир топ кыйынга турду. Негизи эле бардык спектаклдердеги образдарым оңойго турган жок, режиссердун көмөгү, күжүрмөн эмгек менен чыгарабыз.
(К.Иманалиев "Керээз" спектакли. Боромбай бийдин образында)
-
Эстрада ырчыларынын арасынан жаш туруп мамлекеттик даражалуу сыйлыктарды алгандарды көрүп жүрөбүз. Театр жаатында жаштайынан сыйлыкка ээ болгондор азыраак. Сыйлык маселеси тууралуу оюңуз...- Сыйлык маселеси чыгармачыл инсандар үчүн олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Ошол себептен тигил эрте алып алды, бул кеч алып жатат деп айтуудан алысмын. Анткени бул сыйлык деле өлүм сыяктуу окшойт. (күлүп) Бирөөнө эрте, бирөөнө кеч келет экен. Тамаша тамашасы менен, бирок театр жаатында өмүрүн театр маданиятына арнап, канчалаган образдарды жаратып, канчалаган спектаклдерди коюп, кыргыз маданиятына опол-тоодой салым кошуп келе жаткан агаларыбыз, эжекелерибизге мамлекеттик сыйлыктар берилбей келе жатканы өтө өкүнүчтүү көрүнүш. Айлыгынын аздыгына кайыл болуп, өз ишинин чыныгы күйөрманы (фанат) болуп жан үрөп иштеп келе жаткан инсандардын эмгеги мамлекет тарабынан убагында эле бааланса өтө жакшы болмок.
Фабула Пресс