Сезим Иманалиеванын тою өткөндөн кийин тойканага айып пул салынды
- 13.08.2020, 10:09,
- Маданият
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин кызынын үлпөт тою болуп өткөн "Сары Челек" тойканасынынын администрациясы той өткөн соң айыпка жыгылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Медербек Амангелдиев
маалымат таратты.
“Негизи той, куран окутуу сыяктуу чогулууларга тыюу салынган. Тойду 10-20 адамдын катышуусунда да өткөрүүгө болбойт. Ал эми аталган "Сары Челек" тойканасы той өткөргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренесине ылайык (Чечимди же ыйгарым укуктуу органдын талабын аткаруу тартибин бузуу) айып пул салынды", - деп билдирди Амангелдиев.
Эл артистинин кызынын сүрөттөрү социалдык тармактарга тараары менен коомчулукта нааразычылык пикир жаралган. Айрымдары
"эмнеге кээ бирине той өткөрсө болот да, башкаларга болбойт?" деген өңдүү билдирүүлөрүн калтырышкан.