У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кайнарда кайрадан куран окутулду. Кечээ болгону 3 миң сом айып пул салынган...


Көпчүлүк чогулбасын дегенине карбай кечээ 11-июнда экс-депутат Өмүрбек Бабанов "Кайнар" ресторанында эжесине куран окутуп, социалдык тармактардын талкуусуна жем таштады. Мындай талапты бузгандыгы үчүн ресторанга болгону 3 миң сом айып пул салынгандыгы белгилүү болгон.

Өткөндөн сабак албаган ресторан ээлери бүгүн, 12-июнда кайрадан куран окутуу өткөрүп, анда санитардык эрежелер бузулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы тарабынан белгилүү болду. Анда мэриянын, райондук акимчиликтин, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери рейдге чыгышкан.

Текшерүү учурунда "Кайнар" ресторанында 50 эмес андан көп адамга куран окутулуп жатканы белгилүү болуп, тиешелүү кызматтын өкүлдөрү бул көрүнүштү видеого тартып, жарыялашты. Иш-чара аяктагандан кийин аталган тойкана белгисиз мөөнөткө жабылды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter