У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Канатбек Шабдалиев: "Видеолорумду суранып күткөндөр да бар, көргүсү келбей сөккөндөр да бар"

Акыркы күндөрү  саясий чөйрөдөдөгү көрүнүштөрдү сатира аркылуу чагылдырган видеолору менен социалдык тармактар аркылуу элдин сүйүктүү блогерине айланып жаткан К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын актеру Канатбек Шабдалиев менен маектештик. 

- Канатбек мырза, саясий чөйрөдөдөгү көрүнүштөрдү сатира аркылуу чагылдырып жатасыз. Мындай видеолорду эмнеден улам тарта баштадыңыз? 
- Негизи эле саясатты аралаштырбайм дегем. Бирок өздөрү күнүгө даяр, жеңил материал берип жатышпайбы. Экинчиден мен бөлөк элде жашап жүрүп кыргыз мигранттардын жашоосун жон терим менен сезип жүрөм. Кыргыз бийлигинин алсыздыгына жаным кашайып кеткенде көкүрөктөгү арманым чыгып кетип жатат десем болот. Жок дегенде тамаша аркылуу жеткирейин деген эле ой. Үчүнчүдөн мен эч бир саясатчыны жалган жалаа менен келекелеп же жок нерсени аларга чаптаган жокмун. Жөн гана өздөрүнүн элге тарап кеткен сөздөрүн чогултуп чакан окуяга байлап койдум.

- Видеолоруңузду күтүп, сурангандар болсо керек. Атайын даярдык менен, сценарий жазып тартасызбы же тек гана коомдогу көйгөйлөрдү сатира аркылуу бересизби? 
Видеолорумду суранып күткөндөр да бар, көргүсү келбей сөккөндөр да бар. Төрт тарабы төп келген адаммын дей албайм. Менде да кемчиликтер бар. Сын айткандарды да, сөккөн негативдерди да туура түшүнүү менен кабыл алам. Ошого жараша сатира жаратабыз. Өсөм деген адам сынды туура кабыл алыш керек го. Черчилль деле сатириктерге таарынчу экен го "Бул айда эмнеге мен жөнүндө шарж, сатира чыгарган жоксуңар же мен эч ким болбой калдымбы" деп. Сценарийди күнү-түнү отуруп алып деле даярданбайбыз. Жөн гана жумушта жүрүп сүйлөшүп отуруп же ойго жакшы идея келсе тарс эле ошол жерден тарта салабыз.



- Видеолоруңузду жогору жактан баамдап, балким кысым көрсөтпөйбү деген чочулоо болбойбу? 
-  Жогору жактан кысым көрсөтсө аны да көрөбүз да. Балким чектен чыгып баратсам кысым болоор. Бирок чектен чыкпоого аракет кылам. Сөз ооздон чыкканча меники, ооздон чыккан соң элдики да. Видеону чыгараарда төрт беш сыйра көрүп анан уруксат берем.

-  К.Жантөшев атындагы Ысык-көл облустук музыкалык драма  театрында канча жылдан бери эмгектенип келесиз? Негизи эле театр адамдарына болгон мамлекеттин мамилесине кандай баа бересиз?
Театрда 1999-жылдан бери эмгектенип келем. Театрды, сахнаны сүйөм! Сахнага чыкпай калсам бук болом. Башкалар спектаклде роль ойноп жатканын көрсөм толкундангандан ыйлагым келет. Сахнаны сагынып жүрөм. Бирок мамлекеттин  маданиятты таптакыр карабай калганы өкүнтөт.

- Мигрантмын деп калдыңыз, кайсы жакта эмгектенип жүрөсүз? 
Якутияда Нерюнгри деген шаардамын. Кудай буюрса барам кайра эле театрга. Эч бир жумуштан спектаклде роль жараткандан өткөн рахат ала элекмин.

- Жумуш болуп эле жатабы? Мигранттардын абалы кандай?
- Жумуш болуп жатат кудайга шүгүр. Мигранттардын абалын өз көзү менен көргөндөр түшүнөт экен. Бөлөк эл, бөтөн жер деген баары бир өз элдей болбойт да. Кыргызстанга канчалык көп акча салган мигранттын ошончолук көп түйшүгү бар экен бөтөн элде.

Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter