У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«БИР ЫРДЫН СЫНАГЫ»


Кыргыз милициясы бүгүнкү күндө коомчулук менен бирдикте иш алып барууну көздөп, байланышты чыӊдоо үчүн болгон аракетин жумшап жатат. Эл да муну туура түшүнүп, жапа тырмак колдоп, жардамдарын аябастан берип келет.

Мына ушул байланышты мындан ары да кеӊейтүү, мындан ары да өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте милициянын образын ачып, анын тарткан түйшүгүн, жасап жаткан эмгегин, коомдогу ордун көркөм чагылдыра алган чыгармаларга «Бир ырдын сынагы» аталышындагы адабий-поэтикалык сынакты жарыялап турат.

Сынактын жобосу:

  • Сынакка жиберилген ырлардын көлөмү стандарттуу формада (төрт саптык) жана алты куплеттен ашпаган, уйкаштыгы, көркөмдүгү, ыргагы адабий талаптарга төп келген, милициянын ишин, турмушун жана милиционердин күжүрмөн образын чагылдырган, мурда эч жерде жарыяланбаган, эл алдында ырдалбаган, ушул сынакка арналып жаӊы жазылган чыгарма болушу керек. Эгерде чыгарма ак ыр түрүндө жазылган болсо, саптары алты куплет ырдын көлөмүнөн ашпашы шарт.
  • Сынакка жаш курагы боюнча чектөөлөр жок. Чыт курсак бала да, ак чач кары да катышса болот. Ырдын тексттери 12-шрифт менен терилип, ө, ү, ӊ, тамгалары кыргызча жазылышы керек.
  • Сынакка жиберилген чыгармалар 2020-жылдын 15-октябрына чейин кабыл алынат да жыйынтыгы 7-ноябрда чыгарылып, жеӊүүчүлөргө байгелүү сыйлыктар тапшырылат.
Чыгармаларды тандоодо кара кылды как жарган акыйкаттык болушу үчүн 9 адамдан турган калыстар тобу дайындалат.
Калем кармаганга шыктуулардын баардыгын бул сынакка катышууга чын дилден чакырабыз!

Чыгармалар жөнөтүлүүчү дарек:
“Бетме бет” гезитине,
электрондук почта: “betme-bet@inbox.ru”
(Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 469)
 тел.: (0312) 266125, 266124.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter