У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кайрат Иманалиев: "КТРК менен ЭлТР Элмирбекти көрсөтпөй калды дегенге кошулбайм"


Адахан Мадумаров Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатып жаткан учурду телеканалдардын бирине маек берип жатып "КТРК менен ЭлТР көп жылдан бери Элмирбекти көрсөтпөй калган" деген оюн билдирген. Бул айтылган пикирге КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев жооп берди. Эскерте кетели, Кайрат Олжобаевич  буга чейин бир нече жыл Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген.

КТРдин алтын фондунда Элмирбектин эң сонун концерттери, айтыштары, программалары, маектери бар. Ал улуу феномен болгондуктан көп маектешкенге, көп чакырганга жаздырып калганга аракет жасачубуз. Жакшы нерселерди тартып калыптырбыз, буюрса муну кылымдарга сактап муундан муунга көрүп жүрүшөт. Алардын баарын КТР менен ЭлТР тарткан. Экинчиден КТРде жеке Элмирбек үчүн ачылган “Төкмө келсе төр бошот” деген программа сонун эле эфирден кетип жатканына кыргыз эли, айтыштын күйөрмандары, акындар жакшы билишет. Кээде гана Элмирбек өзү ден-соолугуна байланыштуу келбей калбаса, тынымсыз эфирден берилип атканына эл күбө, бизди калп айттырбайт. Акыркы концертин да эң жакшы кылып, сапаттуу техника менен ушул эле теле каналдын оператор журналисттери тартып келишкен. Заманага деле байма бай чакырылып турчу. Андыктан бул сөзгө кошулбайм. ЭлТР кечээ кечке Элмирбектин кечелерин, келип катышкан программаларын берди. Чыгарбай калса эмнени берет эле?. Кудайдын кылганы ушул экен, эми мындан ары эскерүүлөрүн эки канал тең тынбай берет деп ишенем”-деди ал.

Чынын айтыш керек, КТРКнын "Маданият-Тарых-Тил" каналынан "Төкмө келсе төр бошот" аттуу долбоор байма-бай берилип келген. Көрсөтүү аркылуу Эл акыны шакирттеринин өнөрлөрүн элге таанытып келген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter