У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


38 жаштагы Бритни Спирс бийлеп жатып, бутун сындырып алды


Дүйнө жылдызы Бритни Спирс өтө ылдамдыкта бийлеп жатып, бутун сындырып алганын чет элдик басылмалар жазып чыгышкан. Аздан соң дүйнө жылдызы бутун кокустатып алганы чындык экенин айтып, видеосу менен бөлүштү. Ал жаш кезиндегидей чимириле бийлейм деп, оор бийди тандап алгандыгын моюнга алды. Мындан сырткары ырчы дээрлик 15 жылдан бери үй-бүлөлүк маселесинин айынан катуу стресске кабылгандыгын, оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткандыгын маалымдады.


Ал бийчи Кевин Федерлайнга турмушка чыгып, 3 жыл жашаган соң, ажырым жолго түшүшкөн.  Түгөйлөрдүн ортосунда 2 уул бар. Алар 2004-2006-жылга чейин бирге жашашкан. Тилекке каршы уулдарын атасы тартып алып, Бритни алимент төлөп келет. 


Ажырашуудан кийин кол шилтеп коколой башын ойлоп кетүү балага кайдыгер карагандарга жеңил нерсе эмеспи, кыязы түгөйлөр 15 жылдан бери балдарды талашып келе жаткандарына караганда, экөө тең баласаак көрүнөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter