Кыргызстанга Кытайдан дарыгерлер чакырылды
- 14.04.2020, 15:52,
- Коом
- 447
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Коронавирустун очогу болгон Кытайдан Кыргызстанга дарыгерлер чакырыла турган болду. Алар илдет менен күрөшүүнү билген, жеке тажрыйбасы бар 15 дарыгер. Бул туурасында вице-премьер Аида Исмаилова ЖК комитеттеринин жыйынында билдирди.
“Кечээ Кытайдын элчиси менен сүйлөштүк, ал жактан уруксат берилиптир, жакын арада келишет. Учурда Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Так датасы бүгүн-эртең билинет”, — деди Исмаилова.
Эскерте кетели, мындан 20 күн мурун Кыргызстан коронавирус менен күрөшүү үчүн кытайлык дарыгерлерден жардам сураган.