У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Борбордо «Махабаттын датасы жок» аттуу поэзия кечеси өтөт


Бүгүн, 14-февралда  акын Кутмырза Жакыбалиевдин “Закым ээрчиген чыйыр” аттуу ыр жыйнагынын бет ачаарынын алкагында «Махабаттын датасы жок» аттуу поэзия кечеси өтөт. 
““Эңсеген ырахатты татасың ов,
Эң жакшы нерселердин катасы жок.
Сүйүүгө аалам дагы тардык кылат,
Сүйүүнүн, махабаттын датасы жок” деген ыр саптардан улам кеченин аталышын дал ушундай койдук. 14-февраль күнү дайыма коомдо пикир келишпестиктер жаралат. Бири батыштын майрамы десе,  бири мусулманчылыкта туура эмес адат дешет. Ал эми жаштардын көбү бул күндү күтүшөт. Чынында 14-февралды майрамдоо биздин менталитетке туура келбейт. Бирок дал ушул күнү ыр аркылуу жаштарга, окурмандарга сүйүүнүн датасы жок экенин далилдейли, ырлар аркылуу жеткирели деген максатты көздөп жатабыз. Негизи экинчи ырлар жыйнагымдын бет ачаарынын алкагында жубайым Гүлзина Мыйзанбекова экөөбүздүн поэзия кечебиз өткөнү турат”, - дейт акын Кутмырза Жакыбалиев. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter