У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Окумуштуулар эркектердин уругунан коронавирус табышты

 Кытайдын Шанцю шаарында дарыгерлер вирус жуктуруп алган 15 жаштан 59 жашка чейинки 38 эркектин бел суусун текшерип көрүшкөн. Жыйынтыгында алты кишинин уругунда коронавирус инфекциясы бар экени аныкталган. Мындай билдирүү JAMA Network Open медициналык журналына жарыяланганын РИА Новости жазды.
 
Бирок эксперттер коронавирус жыныстык жол менен жугат деп айтууга эрте деген пикирлерин айтышууда. 
 
"Кытайлык окумуштуулар ачылыш жасады десек болот. Бирок урукта COVID-19 вирусу бар экенин далилдөө керек. Уруктан вирус эмес, вирусун түзчү фрагменттер гана табылышы мүмкүн, — деп билдирди  New York Times гезитине АКШдагы Айова микробиология жана иммунология университетинин профессору Стэнли Перлман.   


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter