У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мырзайым Айтимбетова: "Баары-баары силерди таштап кетет, өнөр гана таштабайт дээр эле"

Эл Булбулу Элмирбек Иманалиев 42 жашында мезгилсиз дүйнө салып, жалпы кыргыз эли боздоп турган чак. Акын жаш таланттардын багын ачып, өнөр жолунда багыт берип, ондогон шакирттерди тарбиялаган. Алардын бири жаш акын Мырзайым Айтимбетова менен байланышып, маек алдык. Акын кыз устатын эскерип, көз жаш менен кошо ызасын, бугун айтып, эскерди. 

"Эсимде устатымдын ырларын экөөбүз поэзия айтыш кылабыз деп "Айтыш фонддо" даярданып калдык. Ошондо мен устатым ырларын айтып жатып ыйлап жибедим, кайра кайталадык, кайра ыйлай бердим, ошондо устатым да көзүнө жаш алганы дагы деле көз алдымда. Кайран акын кадырыңды ким белет деп башталчу.  

Ар бир сөздү  кайсыл саптан кийин кайсыл жакты карашты кайсыл жеринде басышты кайсыл жеринде токтош керек бүт-бүт эринбей үйрөтчү. Ушунчалык жөнөкөй адам эле, айтыш фондго аял заты кирип келсе ордунан туруп учурашчу. Эки сөзүнүн бири элим деп турчу.

Элге  көп карызбыз, алчубуз жок деп турчу. Баары-баары силерди таштап кетет өнөр гана таштабайт дээр эле.

 Жолуңарда эки жол турса   эмне болгон күндө да өнөрдү  тандагыла дейт эле. Бир жолу поэзия жөнүндө  сүйлөшүп калсак "Бир ырымда бар, бир тамчы жашым тып эткен барак деген сабым бар, ошондо ыйлап жазган элем" деп айтты эле. Ал
"Бирөөлөр бизге табылбай калды, 
Бирөөлөр бизди таба албай калат, 
Бир менин сырдашым жалгыз, 
Бир тамчы жашым тып эткен барак" деген ыры. Ошол сапты жазып атканда көзүмөн жаш тып этип барагыма тамган болчу деген.  

Эң суктанып окуп берген ыры Нарсулуу Гургубаеванын "Атам Өмүрканга" деген ыры болчу. Ал ырда 6 кыз атасыз калган ыр болчу. Ошол ырды карачы не деген ыр жазып койгон деп көпкө тигилип туруп калган эле, көрсө устатым аркасында калган 3 кыз, 3 уулун эстеп аяган  турбайбы.

Ар таңда батасын берет эле бизге, күнүбүз, таңыбыз устатымдын батасы менен башталчу. Айтыш фондго баарыбыздан эрте келип, баарыбызды узатып анан кетет эле" дейт Айтимбетова. 





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter