№14 бейтапкананын үч кызматкери вирус жуктуруп алды
- 07.05.2020, 16:21,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкектин №14 бейтапканасынын башкы дарыгери, дарыгер жана кароолчусу вирус жуктуруп алган жана алар учурда ооруканада жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирген.
Маалыматка ылайык, башкы дарыгердин күйөөсүнө да илдет жуккан, анын абалы оор деп бааланууда. Ал эми кароолчунун жубайы буга чейин коронавирус аныкталган №3 бейтапканада иштеген.
«№14 бейтапканада вирус илдетине чалдыккандар менен иштеген мобилдик топтор бар. Топтогу бир дарыгер келип башкы дарыгерге отчёт берип турчу. Вирус ошол учурда жуккан окшойт. Дарыгер бир нече жолу анализ тапшырган, таза чыккан. Дене табы көтөрүлгөндө үйдөн дарыланууга аракет кылган. Жолдошуна ошол учурда жуккан. Бейтапкананын кароол кызматкери да ооруп калган»,- деди Үсөнбаев.
Азыркы тапта мекеме ишин улантууда. Ооруп калгандар менен контакт болгондор аныкталып, обсервацияга алына турганы айтылды.