23 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды
- 07.05.2020, 10:38,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 7-майда стационарда дарыланып жаткан 23 бейтап айыгып үйүнө чыгарылды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Алар: Бишкек шаарынан-15, Ош шаарынан-8 бейтап. Алардын кайра текшерүүгө алган анализдери таза чыккан.
Ушул менен өлкө боюнча жалпы 637 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды. Анын 161и медицина кызматкерлери.