У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Туризм департаменти: "Жайкы сезонду куткарууда негизинен ички туристтерге таянабыз"


Жыл сайын 3 күнгө да болсо кереметтүү Ысык-Көлгө барып эс алып келгенди адатка айланткан кыргыз эли кыйчалыш кырдаалдан улам жайында  Ысык-Көлгө кантип барабыз, эртерээк эле тынч заман келсе экен деп санааркап турган чагы. 

Мындай түпөйүл ойлорго кептелип турган элдин суроосуна  Туризм департаментинин директору Дамир Максат уулу  жооп берди. Анын айтымында Кыргызстандагы жайкы туристтик сезонго байланыштуу көрүлө турган чаралар жана сунуштар планы иштелип жатат. Болжол менен май айынын ортосунда даяр болот.

«Департамент жайкы сезонду куткаруу жана даярдык көрүү иштерин жүргүзүп жатат. Негизинен ички туристтерге таянабыз. Эгерде ошол учурда мамлекеттик чек аралар ачылып калса Ысык-Көлгө эс алуучуларды тартуу боюнча Казакстан, Өзбекстандагы өнөктөштөр менен кызматташабыз», - деди директор.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter