У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улуттук университеттин жаштар департаменти тамак таратты…


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаментинин кызматкерлери өлкөдөгү оор абалга кайдыгер карабай күнү түнү иштеп жаткан блок посттогу 200дөй кызматкерге ысык тамак таратты.

Аталган университеттин кызматкерлери өз чөнтөктөрүнөн каражат чыгарып, оор учурда өкмөткө аз да болсо жардам болсун деген ниетте эл кызматында жүргөн ИИМдин жана коргоо министрлигинин кызматкерлери турган шаар ичиндеги постторго жеткирип беришкен.

Коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменттин директору Каныбек уулу Ардакбек баштаган топ кызматкерлерге күч кубат каалап эстафета катары колунда бар жарандарга мамлекетке кайдыгер карабай жардам берсе деген үмүт менен үлгү көрсөтүүнү өзүбүздөн баштадык деп билдирди.

Ырасында, мамлекет мага эмне кылды дебей мамлекетке мен кандай жардам кылдым деп, өзгөчө кырдаал учурунда тартипти бекем сактоо менен илдеттен арылалы...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter