1-майда вирус жуктурган жаӊы 10 учур катталды
- 01.05.2020, 11:45,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул тууралуу, Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
«Акыркы бир суткада вирус жуктурган 10 жаӊы учур катталды. Алар ооруканага жаткырылды. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө»,-деди Айнура Акматова.
Жаӊы вирус жуктургандар: Бишкек шаарында-5, үчөө Ош облусунда. Баткен жана Нарын облустарында бирден адам.
Ушул менен жалпысын бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 756 адам вирус жуктурса, алардын сегизи каза болду, 504 бейтап айыкты.