У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Швецияда адамдарга массалык түрдө чип коюу башталды

Ушул жылдын жаз айынан тартып Швецияда массалык түрдө адамдарга чип коюу башталды. Бул туурасында «Daily Mail» басылмасы жазып чыккан.

Чип адамдар күнүмдүк жашоосунда дайыма жанында алып жүргөн буюмдардын: электрондук карталардын, ачкычтардын, өткөрмө баракчалардын милдеттин аткарат. Ал адамдын колуна, бармак менен сөөмөйдүн ортосуна коюлат. 

«Эми адамдардын жашоосу жеӊилдейт. Анткени адамдар ачкыч менен эшик ачышпайт, өткөрмө жайларда документ көрсөтпөйт, банкоматтарда сандарды теришпейт. Жөн гана колду тийгизип койсо болду»-дейт чипти иштеп чыккан компания. 

«Daily Mail» басылмасынын маалыматына таянсак, учурда чип колдонуучулардын саны өсүүдө. Бир жыл мурун чипти 100 киши колдонсо, азыр колдонгондордун саны 4 миңге жетти. Калоочулардын саны күндөн- күнгө көбөйүүдө. Чиптин баасы 180 евро, айрым компаниялар кызматкелерине бекер жасатып берүүдө. 
 
«Чипте GPS кызматы жок. Андыктан чип аркылуу адамдарды көзөмөлдөөгө мүмкүн эмес. Ал бир нече см аралыкта гана иштейт. Чиптеги маалыматтарды уурдоо үчүн чип тагылган колдун ээси болуш керек»,-дейт окумуштуулар.  
 
Эске салсак, мындай чиптер 2018- жылы эле иштелип чыккан. Бирок ал кезде чип аркылуу адамдарды башкаруу жүрөт деген пикирлерден улам, чип койдурууга эл шашылган эмес. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter