У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ниязбекова Айдана : «Адамдар менен бат тил табышам, дайыма позитивде жүрөм»


 
Турмуш Сизди ойку-кайкы жолдорго салганда, баары бүттү, жашоом кызыксыз деп мүңкүрөп турганда же тыйын-тыпырдан кыйналып, баарына кол шилтеп, үмүтсүз шайтан мойнуңузга минип алганда же 12 мүчөңүз толук туруп өз келбетиңиз өзүңүзгө жакпай, көзүм бүтүк, боюм кыска же дагы башка себептерди айтып наалыган учурларыңыз болсо,  каарманым Айдана Ниязбекова өңдүү асыл адамдардан сабак алыңыз...

 

- Айдана, майрамыңыз кут болсун. Сиздин ажарлуу келбетиңиз, аткарып жаткан иштериңизди көрүп суктандым.  Эрктүү болууга өзүңүздү өзүңүз тарбияладыңызбы?

- Рахмат, майрам бирге болсун! Эрктүү болууга апамдын саалымы зор. Апам мени ушундай тарбиялап, дайыма күч берип, колдогонуна терең ыраазымын. Мүнөзүм жакшы, адамдар менен бат тил табышам, дайыма позитивде жүрөм, адамдардын баарын өзүмдөй көрөм, бирок кээ бир адамдар ошол мүнөзүмдөн  пайдаланып кетишет.  


- Коомдук уюмдарда да иштейт экенсиз. Билимиңиз, ишиңиз, бала чагыңыз тууралуу айтып бериңизчи?

- Бала чагым жакшы көз ирмемдер менен  өткөн.  Мени көпчүлүк көбүнчө кичинекей кыз көрүшөт. Эсимде, бир жолу сейилдеп жүрсөк көчөдөн апамды токтотуп алып: “Эже кызыңыздын бетинен өбүп алайынчы” , - деп атышпайбы. Аябай күлгөм. Ушундай учурлар көп кездешет, колумдан кармап алып жалынгандар дагы бар. Азыр көнүп деле калдым. Анан дагы үйгө коноктор келип кеткенде дайыма баарынын чайларынын түбүн ичип чыкчумун. Балалыгымды эстесем күлкүм келет.  Билимим тууралуу айтсам, Жал кичи районундагы №72- мектеп гимназияны аяктагам. 9-классты бүтүрүп, финансылык колледжге тапшырып, ал жакты ийгиликтүү аяктаган соң Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине тапшырып, учурда  экономика жаатында окуп жатам. Андан тышкары кошумча билим алайын деп, “Социалдык-ишкердик  инклюзивдик” мектебин аяктадым. Мындан сырткары  “Мүмкүнчүлүгү чектелген прогрессивдүү жаштар” мектебинде окуп жатам. Ал жактан өзүбүздүн укуктарыбызды, конституцияларды окуйбуз. Анан мурдагы жылы тырмак жасоо курсун аяктап, “Теңдик” коому уюштурган сынакта  биринчиликти алгам.  Үйгө отурбаганга аракет кылам. Азыр Дастан деген дос балам менен бирге  "Дастан Алымбеков" Коомдук кайрымдуулук фонд ачтык эле, ошол жакта иштешип жатам.

 

- Канча убакыттан бери ырдап, чыгармачылык чөйрөнүн адамдары менен иш алып барасыз?
 

- Кичинекей кезимден эле ырга кызыгуум бар, Айдана ырдачы деп койсо эле уялбай коноктордон ырдап берчү экенмин. Курбу кыздарым менен караокеге барганда ырдасам дайыма ырдап чык деп айта беришчү. Мурдагы жылы үн жаздыруу студиясы чакырган, ошондон кийин кызыгуум андан күчөдү. Иш чараларга барганда  чыгармачыл адамдар менен таанышам. Өзүм жаңы танышуу, жаңы адамдар менен достошууну жактырам. Дайыма изденүүдөмүн.



- Негизи диагнозуңузду эмне дешти эле дарыгерлер?

- 8 жыл мурун белим сынык экенин билгенбиз, ал кичинекей кезимден эле сынып анан бүтөлүп калыптыр. Негизи операция жасайбыз деген, оор операция болгондуктан көтөрө албай калат деп токтотконбуз. Өткөн  жума көрүндүм, балким быйыл белиме жасатып калышым мүмкүн.  Убакыт откон сайын белиме күч келип, буттарым көтөрө албай калып жатат.



- Элдин сыны, караганы, балким суктанганы кыжырыңызга тийбейби?

- Элдин караганы кичинекей кезимде жиниме тие берчү.  Эмне эле карап жатышат деп ачуум келчү. Азыр көңүл  деле бурбайм, комментарий жазгандарга деле жакшы жооп кайтарып коём.

- Элдин караганынан уялып, басынып , өзгөчө экенинен корунган инсандарга айтаарыңыз? 

- Азыр өтүп жаткан убакытыңарды туура пайдалангыла деп айтаар элем. Өзүңөрдү өнүктүргүлө, китеп окуп чет мамлекеттик тилдерди үйрөнгүлө, анан да эң башкысы ден-соолукту  карагыла, ден-соолук болсо калганы болот.

Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter