Базарлар 21-майдан кийин гана ачылат
- 29.04.2020, 14:06,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул тууралуу, вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.
“Бүгүнкү күндө кафе, ресторандарга тамак жасап буюртманын негизинде гана жеткирүүсүнө уруксат берилген. Бардык режимдер алынгандан кийин гана толук иштей баштайт. Ал эми чоң базарлар 21-майдан кийин гана ачылат. Базарларга башка аймактардан да адамдар келгендиктен, эртерээк ачуу кооптуу деген чечим кабыл алынган”, — деди Асрандиев.
Эске салсак, өкмөт буга чейин мекеме, уюмдардын иштешине үч этап менен уруксат берүү графигин иштеп чыккан. Эң акыркы этап 21-майда башталат. Ал эми бардык режим качан алынары азырынча так айтыла элек.