COVID-19 вирусун жуктургандардын арасында кош бойлуу келин бар
- 10.04.2020, 14:56,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош шаарында жаман вирус жуктуруп алгандардын арасында кош бойлуу келин бар экени айтылды. Ал 37 жумалык ымыркайды көтөрүп жүргөн кезде вирус жукутуруп алган. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Эгерде толгоосу баштала турган болсо перинаталдык борборго которулат. Бул тууралуу 10-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкектеги №2 төрөт үйүндө жана Оштогу перинаталдык борбордо коронавируска байланыштуу атайын обсервация бөлүмдөрү ачылып, даяр турат. Ошто 30 орун даяр. Эгер вирус жукканы аныкталган кош бойлуу келиндер болсо, баары ошол жакка жаткырылат. Медицина кызматкерлери ооруну өзүнө жугузуп албашы үчүн атайын даярдыктан өттү.
«
«Кардио Азия» медициналык борборунда жаткан келин тууралуу билебиз. Аныкы 37 жума. Эгер төрөтү башталса перинаталдык борбордун обсервациясына жаткырабыз» дейт Каратаев.