COVID-19: Ат-Башы районунда абал оорлошуп кетти
- 15.04.2020, 12:49,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Нарын шаарына жана Ат-башы районуна өзгөчө абал киргизилди. Буга Нарында жана Ат-Башыда вирус жуктуруп алгандардын саны көбөйүп кеткендиги себеп болду. Бул тууралуу 1-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди:
“Өзүңүздөр билесиздер, акыркы күндөрү Ат-Башы районунда 19 адамдан илдет аныкталды. Ошондуктан, аймактагы дарыгерлердин суранычы, жергиликтүү элдин өтүнүчү менен өзгөчө абал киргизүүгө аргасыз болдук”, деди Кубатбек Боронов.