У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Урматбек Боржиев: "Карантин эки-үч айга чейин уланат, муну ар бир жаран мээсине куюп даяр болушу керек"


Карантин узарган сайын элдин чыдамы түгөнүп, калктын аялуу катмарынын күнүмдүк азыгы бөксөрө баштады. Бирок адистер көчөгө чыгууга шашылбай турууга чакырууда. 

"Карантин режими эки-үч айга чейин уланат, муну ар бир жаран мээсине куюп даяр болушу керек", - дейт Жалал-Абад облустук медициналык штабдын орун басары, дарыгер Урматбек Боржиев. 

Ал түз эфирден жарандарга кайрылып, коронавирустан сактануу эрежелерин эскертти.

“Урматтуу кыргызстандыктар, бул илдет жеңил көрүнгөнү менен аябай кооптуу. Саламаттык сактоо кызматын эмес, бүт жашообузду, экономикабызды өзгөрткөн илдет болуп жатат. Карантин эки-үч айсыз бүтпөй турганын ар бир адам мээсине куюп алышы керек. Абал эки-үч айда толук турукташканга чейин үйдө отуруш керек”, — деди Боржиев.

Ошондой эле ал тамак-аш, дары-дармек алууга муктаждык болгондо гана сыртка чыгып, анда дагы адамдардын оротосундагы үч метрлик аралыкты сактап, ар дайым бет кап тагынууну эскертти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter