У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытайдан келген дарыгерлер бүгүн мекенине кетишет

Кыргыз дарыгерлерине жардам көрсөтүү максатында Кытайдан келген дарыгерлердин эксперттик тобу бүгүн кайра мекенине кетишет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. 
 
«Кытайдан келген дарыгерлер бүгүн мекенине кетишет. Алар келгенден бери онлайн брифингдерди өткөрүшүп, биздин дарыгерлер менен жолугушуп тажрыйба бөлүштү. Дистанттык түрдө окутууларды өткөрүштү. Алар биздин дарылоо иштер эл аралык стандартка ылайык экенин айтышты. Шарттардын жакшы түзүлгөнүн белгилешти. Биздин дарыгерлердин деӊгээли өтө жогору экенин айтышып, бир гана биз карантиндик эрежелерди так сактабай жатканыбызды, карантиндик шарттарды бекем сактоо ооруну бат жеӊүүгө жардам берерин билдиришти»-дейт Нурболот Үсөнбаев.

Эске салсак, Кытай медиктери 20-апрелде атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүүшү максатында келишкен.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter