У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Трамп коронавирусту дарылоо үчүн самынды ичүүнү жана укол жасап көрүүнү сунуштады


АКШ коронавирус жуктургандардын саны боюнча алдыкы орунга чыгып, миңдеген жарандарынан айрылышты. Мындай катаал шартта элдин башын аман сактап калуунун түрдүү жолун ойлошууда. Айла издеп жатып, Президент Дональд Трамп химиялык дезинфекциялоочу каражаттар вирусту өлтүруүгө күчү жетип жатса, эмнеге аларды ичип же укол кылып колдонуунун жолун ойлоп таппайбыз деген суроо салды.

Анын оюнда  тазалоочу каражаттарды (ар нерсенин үстүн, раковинаны, унитазды, ваннаны, плитаны, ж. б. идиштерди тазалай турган каражаттар жөнүндө сөз болуп жатат)  ооруп жаткан адамга бир жолун таап, ичирип же укол катары пайдаланып көрүү керек.  Бул туурасында , 24-апрелде BBC Орус кызматы билдирди.

Ал эми эксперттер анын сунушу мындан көп өлүмгө алып келээрин айтышты.  Трамп сунуштап жаткан тазалоочу каражаттар ден соолукка абдан зыян экенин баса белгилешти.  Дезинфекциялоочу каражаттар организмге кирсе ууланууга жана өлүмгө алып келет, вирусту дарылаганга эч кандай жардам бербейт деп эскертүү жасашты.

Дональд Трамп вирусту дарылоо үчүн ультрафиолет менен нурдантууну да ойлонуп көргүлө деди. Ультрафиолеттин териге коркунучу аябай чоң. Турмуш-тиричилик химиясынын каражаттарын чыгаруучулар алардын продуктысын эч качан ичпегиле дешти.

Трамп болсо  стандартсыз эмес терапияны тестирлеп көрүүнү сунуштады — оорулуунун ички органдарын жарыктын же ультрафиолеттин нурлары менен нурдантууну байкап көргүлө дейт. Андан кийин ал вирусту жеңиш үчүн дезинфекциялоочу каражаттар менен ийне сайса –же болбосо кандайдыр бир жолдор менен ыгын таап ичип көрсө болот деп божомолдоду.

«Мен доктор эмесмин. Бирок менин мына бул жерим жакшы иштейт» — деди Трамп, башын көрсөтүп.

Дарыгерлер болсо Президенттин сунушуна мыйыгынан күлүп, ультрафиолет менен ашык баш нурдантуу тери үчүн кооптуу экенин айтышып, тазалоочу каражаттарды да эби менен колдонууга чакырышты.  Алар антисептикти, изопропил спиртин, же хлор агарткычын ичүү өлүмгө барабар деп эскертишти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter