У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


6 030 медицина кызматкерине кошумча төлөмдөр берилди




25-апрелге карата 6 030 медицина кызматкерине кошумча төлөмдөр берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.
 
«Март айына карата медицина кызматкерлерине төлөнгөн компенсациянын жалпы суммасы 34 миллион 716 миң сомду түзөт. Медкызматкерлердин тизмеси дагы такталат. Майдын башына чейин бардыгына толук төлөп бүтөбүз", — деди министр.

Эске салсак, буга чейин коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсеп ачылган. Жардам иретинде которулуп жаткан каражатты бөлүштүрүү комиссиясы дарыгерлердин кошумча маянасы үчүн 38,8 миллион сом берүү чечимин кабыл алган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter