2000 сом төлөп, коронавируска өз алдынча анализ тапшырсаңыз болот...
- 22.04.2020, 12:32,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда мындан ары жарандар COVID-19 инфекциялык вирусуна өз алдынча текшерилсе болот. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 22-апрелде онлайн брифингде Бишкекте текшерилгиси келген жарандар Бонецкий лабораториясына кайрылса болорун билдирди.
Аталган лабораторияда текшерилүү акысы 2 миң сомдун тегерегин түзөт, жыйынтыгы бир күндөн кийин чыгат.
22-апрелге карата илдет жуккандардын жалпы саны Кыргызстанда 612 кишиге жетти. Алардын жетөө каза тапты, 254 бейтап айыгып чыкты.