Коронавирус. Кытайдан Кыргызстанга дарыгерлер келди
- 21.04.2020, 11:41,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекке Кытай Эл республикасынан дарыгерлер келишти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алар кыргызстандык адистерге коронавируска каршы күрөшүү, бейтаптарды дарылоо ыкмаларын көрсөтүп беришет.
Кытайлык дарыгерлер Медицина адистерин даярдоо жана кайра даярдоо мамлекеттик институтунун жамааты менен да жолугуп, алты багыттан турган окутуу программасы менен тааныштырышты.
Буга чейин Бишкекке Польшадан да дарыгерлер келген.