Польшадан келген дарыгерлер ишти борбор шаардан баштады
- 20.04.2020, 16:27,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Польшадан келген дарыгерлер ишти Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынан башташты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Андан соң 24-апрелде Ош жана Жалал-Абад областтарына да барып, тажрыйбалары менен бөлүшүшөт. Ошондой эле кыргыз дарыгерлерине жардамга Кытай Эл Республикасынан да дарыгерлер келмекчи.