У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өлкө боюнча даваатка чыгууга мыйзам чегинде тыюу салууну сунушташты


Элди кыдырып даваат айтууну өлкө боюнча токтотуу керек деген сунуш кирүүдө. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди. Анын айтымында жергиликтүү жетекчилер мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаганы жатат.

"Даваатчыларды көзөмөл кылган эч ким жок. Канчалаган даваатчылар айлап-жылдап өлкө ичине жана чет өлкөлөргө чейин даваатка кетишет. Алардын үй-бүлөлөрү багаар-көрөөрү жок ачка калышууда. Биз алардын эмне максатта каякка кетип жатканын билишибиз керек. Коронавирус даваатчылар аркылуу келгенден бери даваатчылардын маселесин ойлоно баштадык. Негизи бирөө жарым көзөмөл кылышы керек" деген оюн билдирди. 

Ошондой эле Нарында давааттан келгендерден вирус тараганын кошумчалады.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter