Карантин учурунда дагы бир окуучу өз жанын кыйды
- 20.04.2020, 11:31,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Тилекке каршы карантин учурунда дагы бир өспүрүм өз өмүрүнө кол салып, аягы кайгылуу окуя менен аяктады. Тактап айтканда Бишкекте кечээ, 19-апрелде 14 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынан секирип кетти. Окуя саат 16:30дар чамасында Матросов көчөсүндө болгон.
Бишкек шаардык милициянын кызматкерлери кырсык болгон жерге барып, өз жанын кыйган кыз 2006-жылы туулган М.А. аттуу өспүрүм экенин такташты. Бул окуя Октябрь РИИБнин КЖБРне каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн иликтөө жүрүп жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча окуучу өлөр алдында туугандарына СМС билдирүү жиберген.