6-кабаттагы үйдүн терезесинен кулап кеткен баланын абалы оор
- 26.03.2021, 09:42,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
6-кабаттагы үйдүн терезесинен кулап кеткен баланын ден-соолугу туруктуу оор бойдон калууда. Бул тууралуу Шаардык балдар ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, наристе дагы деле реанимация бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ага бардык медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.
Эске салсак, кечээ 25-мартта саат 18: 04тө «102» кызматына №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасынан Чүй проспектисиндеги көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынын терезесинен кулап кеткен бала жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Терезеден кулап кеткен бир жаш эки айлык экени айтылган.