У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте күчү 9 баллга жеткен жер титирөөгө туруштук бере албай турган имараттын бар экени айтылды


 Мамкурулуштун Бишкек шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу Кыргызстандагы имараттар 9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере алат деп ишендирүүдө. 
 
«Экспертизанын чечиминин негизинде курулуш иштери жүрүп жатат. Имараттар 9 баллга туруштук бере алат», - деп билдирген ал. 
 
Талант Иманакун уулу ошондой эле Бишкектеги имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча комиссия түзүлгөнүн айткан.
 
Ал арада Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаадагы имараттардын бекемдигине Мамкурулуштун жетекчисиндей ишенбейт. Мэр жер титирөөдө Бишкектин кайсы имараты биринчи урай турганын экспертизасыз эле көзү менен аныктап берди. Анын айтканына караганда Москва көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайлар жайгашкан имарат алгачкылардан болуп урайт.
 
«Бул имарат жер титирөөгө туруктуу эмес. Эгерде жер титирөө болсо, ал биринчи ураган имарат болот. Анткени анын пайдубалы жок. Мен бул имаратты 40 жылдан бери билем. Сырткы ушундай көрүнгөн менен ички көрүнүшү коркунучтуу», - деди ал.
 
Сейсмикалык курулуш институту өз корутундусун берүүсү үчүн мэр тиешелүү кызматтарга протоколдук тапшырма берди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter