У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абдыкадыров Эмилбек Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды


Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Президент Садыр Жапаров бийликке келе жатканда: "Жаштар менен иштешем, мамлекеттик кызматка эми конкурс аркылуу алабыз", - деп аябай күпүлдөгөн. Мына бир жылдан ашты андагы сөздүн бири жок. Кумга сиңген суудай жок болду. Кызматка пайгамбар жашынан өткөн Эмил Абдыкадыров сыяктуу чалдарды алып келүүдө. Бишкек мэри болуп келген Эмил Абдыкадыров Бакиев президент кезинде Мамлекеттик архитектура жана курулуш боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Бишкекте вице-мэр болуп иштеп, Кулатов менен Правда көчөсүндөгү курулуш материалдарын саткан базарды менчиктештирип алган жайы бар. 

Кийин бийлик алмашып кеткенде 2010-жылы Темир Сариевдин "Ак шумкар" партиясынан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышып өтпөй калган. 2015-жылы Өмүрбек Бабановдун "Республика-Ата-Журт" партиясы менен шайлоого аттанып депутат болуу бактысынан кур жалак калган. 2020-жылы Камчыбек Ташиевдин "Мекенчилдер" партиясы менен шайлоого аттанып, дагы да болсо маарага жетпей жыдыган. Шайлоодон чарчабаган Эмил Абдыкадыров 2021-жылы Талас районунан бир мандаттуу округдан шайлоого катышып, дагы жер муштап отуруп калды. Баса, Акаевдин учурунда Асанбай шайлоо округунан да шайлоодо утулган. Өмүр бою депутат болом деп аракеттенип, тилегине жетпеди. Далай ирээт, сууга түшкөн чычкандай абалда калды. Шагы сынды. Эми ушул "чалды" Бишкек шаарынын мэри кылып борборду башкартканы жатат. Мындай кадр табылбас?..


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter