У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эмилбек Абдыкадыров: Бишкекте 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере албаган үйлөр бар


 Бишкектеги көпчүлүк үйлөр күчү 8-9 баллга жеткен жер титирөөгө туруштук берет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 1-марттагы маалымат жыйынында айтты.
 
«Биздин үйлөрдүн курулуш сапаты жакшы, абдан жакшы. Ар кандай курулуш компаниялары бар. Ири курулуш компаниялары эртеңки күндү ойлошот. Документтер жүз жыл сакталышы керек, эсептөөлөр бар, алар экспертизадан өткөн. Бирок чакан ишканалар да бар. Куруучу эместер үй салып баштаганы тууралуу маалымат бар. Айрымдар жоопкерчиликти түшүнсө, кээ бири түшүнбөйт», - деди мэр.
 
Буга мисал катары Абдыкадыров арматуралар экспертизадан өтүп жатканын айтты. 
 
«Арматуралар ширетүүдө ар бири текшерилет. Бетондун сапаты да текшерилет. Үйлөрүбүздүн каркасы, конструкциясы жакшы», - деди ал.
 
Бирок мэр бетон жана арматураны үнөмдөгөн курулуш компаниялары бар экенин моюнга алды. Бирок мунун баары текшерилгенин баса белгиледи.
 
Бирок Эмилбек Абдыкадыров 7-8 баллдык жер титирөөгө да туруштук бере албаган үйлөр бар экенин айтты. Мындай курулуштарды токтотуу керектигин белгиледи. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter