18-апрелде дагы 17 адамдын вирус жуктурганы аныкталды, жалпы 506
- 18.04.2020, 10:40,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
18-апрелде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 17 кишиден табылып, вирус жуктургандардын жалпы саны өлкө боюнча 506га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда кабарлады.
Жаӊы вирус жуктургандардын алтоо Ош облусунан, Нарын облусунан -11 адам. Алардын төртөө аял, он үчү эркек.