У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстанда кар жаап, үшүк жүрүшү күтүлөт


 Марттын акыркы күндөрү жана апрель айынын биринчи күнүндө Казакстанда туруксуз аба ырайы күтүлүп, жаан жаап, айрым жерлерде  кар жаашы жана температуранын төмөндөшү күтүлөт. Бул тууралуу «Казгидромет» билдирет.
 
31-мартта жана 1-апрелде өлкөнүн батышында нөшөрлөгөн жаан, 30-31-мартта чыгыш жана түштүк аймактарда жаан, 30-марттан 1-апрелге чейин Казакстандын түштүк-чыгышында нөшөрлөгөн жамгыр жана кар жаашы күтүлөт. Казакстандын түндүгүндө кар жаайт.
 
“Батышта абанын температурасы түнкүсүн +2...+7°C, күндүз +7...+15°C чейин төмөндөйт, түндүк, түндүк-батышта жана өлкөнүн борборунда абанын температурасы түнкүсүн -7...-13°, күндүз -2°C...+3° суук, чыгышта түнкүсүн -10...     - 22°C, күндүз -5°C...+3°C, түштүк аймактарда түнкүсүн 0...+5° жылуу, күндүз +3...+13° жылуу ", - деп айтылат синоптиктин билдирүүсүндө.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter