У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жакынкы күндөрү Кыргызстанда абанын температурасынын төмөндөшү күтүлүүдө


 21-октябрда күндүз жана 22-23-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет. 
 
Маалыматка ылайык, республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. 22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык зонасында жамгыр карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 22 -октябрда жана 23 -октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан -чачын катуу болот. Тоолуу аймактардын жолдорунда кар күрткүсү түшүп, жолдор тайгак болуп муз тоӊот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
 
22-23-октябрда жана 24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+ 2 градуска чейин, күндүз 1... 6 градуска чейин жылыйт, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6 градуска чейин суук, күндүз 0...5 градуска чейин жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2...+ 3°, күндүз 4... 9 градуска чейин жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1...-6 градуска чейин үшүк, күндүз 1...6 чейин жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык зонасында түнкүсүн -4...-9 градуска чейин суук, күндүз 0... 5 градуска чейин жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17°, күндүз -4...-9 градус болуп, үшүк жүрөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter