У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


4-5-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, кар жаайт


 4-ноябрда жана 5-ноябрда түнкүсүн аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.
 
4-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, өрөөндөрүндө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу жолдордо муз тоңот жана жолдор тайгалак болот. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
 
4-6-ноябрь аралыгында абанын температурасынын кескин төмөндөшү күтүлөт:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2°…-7° суук,
 
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3°…-8° суук,
 
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° суук болот,
 
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1°…-6° чейин,
 
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10... -15 градуска чейин, күндүз -2 градустан -7 градуска чейин жылуу,
 
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21...-26 градуска чейин, күндүз -10...-15 градуска чейин үшүк жүрөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter