У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


16 жаштагы кыз кырсыкка кабылып бир курбусу каза болду


 Аламүдүн районунда 16 жаштагы кыз жол кырсыгына кабылып, бир курбусу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Чүй облустук жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.
 
Маалыматка ылайык, 11-март күнү саат 16:40тар чамасында Бишкек-Ала-Арча унаа жолунун 13,5-чакырымында жол кырсыгы катталган. Honda CRV унаасын башкарып бара жаткан 16 жаштагы өспүрүм рулду башкара албай калып, унаа бир нече жолу оодарылып кеткен.
 
Кырсыктын кесепетинен 2006-жылы туулган З.А.З ошол жерден каза болуп, дагы төрт өспүрүм: Э. А. Э., С. М. Э., А. А. А. и М. А. Т.жаракат алышкан. Алар Бишкектеги №4 ооруканага жеткирилген.
 
Алдын ала маалыматтарга караганда, 16 жаштагы кыз атасына айтпай унааны айдап чыгып, өзү теңдүү курбуларын чакырган, беш өспүрүм унаа менен шаар кыдырууну чечишкен. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter