У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чүйдө унааны башкара албай калып, 23 жаштагы жаран жол кырсыгынан көз жумду


Чүйдүн Ысык-Ата районунда жеңил унаанын айдоочу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып айдоочу каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-май күнү саат 06:12 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 49-чакырымында Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1998-жылы туулган унаанын айдоочусу каза болгон.

Жерине ӨКМнын №4 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнун куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter